Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар 5 медаль тагынды.
Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында жарыяланды.
Анда Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курамасы жалпы
командалык көрсөткүчтө 6-орунга жайгашты. Азат Саладинов,
Жоламан Шаршенбеков күмүш медалга ээ болсо, Ильяз Ренат уулу,
Роман Ким жана Руслан Царев коло медаль тагынышты.
Биринчилик Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жатат.
Биздин өлкөнүн балбан кыздары бүгүнтөн тарта таймашка чыгышат.