Кыргызстанда жүргөн Россия жарандары мамдума депуттарын шайлоого катыша алат.
Шайлоо тилкелери Бишкектеги Россиянын элчилигинде, Ошто – Башкы консулдукта,
Кантта — №20022 аскер бөлүгүндө жана Караколдо — №87366 аскер бөлүгүндө ачылат.
Добуш берүү 19-сентябрда саат 8ден кечки 8ге чейин өтөт. Шайлоочунун
жанында Рассия жарандыгынын паспорту болушу керек.