Исландия туристтерди кабыл ала баштады

Коронавирус инфекциясына карабай Исландия өлкөсү туристтер үчүн эшигин ачты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министринин кеңешчиси Кяртан Хрейн Нялссон билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

 

«Биз өлкөгө келген туристтер аркылуу коронавирус инфекциясын жуктуруп алабыз деп ойлобойбуз. Анткени, жергиликтүү тургундар алар менен жолугушпайт», — деген министрдин кеңешчиси.

 

Анын билдиришинче, Кытайда, Испанияда жана Италияда кырдаал курч болуп турганда дагы өлкө жабылган эмес. Азырынча бул өлкөгө Гренландиядан жана Фарер аралдарынан келген туристтер гана кире алышат. Бирок Исландия 15-июндан тарта Скандинавия жарым аралынын өлкөлөрүнүн жарандары үчүн бардык чек арасын ачат.

Эскерте кетсек, 7-майда бул өлкө коронавирус инфекциясын жеңгенин жар салган.