Кыргызстанда өткөн жылы бюджеттик тармактын кызматкерлеринин айлыгы 2 эсе өстү

Кыргызстанда өткөн жылы бюджеттик тармактын кызматкерлеринин айлыгы 2 эсе өстү.

 

Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо, маданият, социалдык коргоо тармактарынын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, техперсоналдын маянасы көбөйтүлдү. Айлык көтөрүү президенттин жарлыгына ылайык жургүзүлгөн.

 

Бул максатта 30 миллиард сом талап кылынды.