Ымыркайларга туулгандыгы тууралуу күбөлүк өз убагында алынбай калганы үчүн айып салынбайт

Ымыркайларга туулгандыгы тууралуу күбөлүк өз убагында алынбай калганы үчүн айып салынбайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев билдирди.

 

Анын айтымында, соңку айларда балалуу болгондор калкты тейлөө борборлору иштебей тургандыгына байланыштуу күбөлүктү ала алышкан жок. Андыктан, айыптарды жокко чыгарып, жарандарга документти тез арада бүтүрүп алуу мүмкүнчүлүгү берилди.