Бишкектин айрым аймактарында бүгүн кечкиге чейин суу жок болот. Мэриянын маалыматына ылайык, кечки саат 4кө чейин суу Мурас-Ордо жана Калыс-Ордо конуштарында өчүрүлөт.
Буга байланыштуу, №86 мектептин башталгыч класстарында бүгүн окуу процесси токтотулду. Убактылуу чектөөлөр суу дарбазасындагы ремонттук иштерге байланыштуу.