Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканалардын курулушу жана оңдоо иштери боюнча пландары менен бөлүштү

Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканалардын курулушу жана оңдоо иштери боюнча пландары менен бөлүштү. Ведомство жетекчиси Сабиржан Абдикаримов билдиргендей, жакынкы арада 16 медицина жайында калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлөт.

 

Ошондой эле, зарылчылык жаралса, Ганси аскердик базасындагы чоң имарат оорукана катары өзгөртүлөт.

 

Ал эми Түштүк Корея каражатына инфекциялык оорукананын курулушу парламент тарабынан макулдашуу жетишилгенден кийин башталат.