Бишкек мэриясы газ менен иштеген 300 автобус сатып алуу ниетинде.
Бул үчүн европа калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкынан 33 миллион
евро насыя алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, — деп билдирди мэр
Айбек Жунушалиев. Анын айтымында, мындай чаралар ордо калаадагы
коомдук унаалардын санын көбөйтүү максатында көрүлөт. 2017-жылы
линиядагы автобустардын саны 4 миңден ашса, учурда алардын
саны 2 миңге жетпейт. Мэр белгилегендей, буга чейин бересени
алуу боюнча сунуш министрлер кабинетине киргизилген. Эми ал
жакынкы аралыкта Жогорку Кеңештин ратификациясына сунушталат.