Транспорт жана кыймылсмыз мүлккө салыктарды төлөө үчүн 1 айга жетпеген убакыт калды

Транспорт жана кыймылсмыз мүлккө салыктарды төлөө үчүн 1 айга жетпеген убакыт калды. Мамлекеттик салык кызматынан эске салышкандай, 1-сентябрга чейин транспортко, ал эми 2-сентябрга чейин кыймылсыз мүлк жана жер салыгын төлөө керек.

 

Төлөмдөр банк кассаларында, терминалдарда, POS-терминалдарда кабыл алынууда. Ошондой эле, мобилдик жана интернет-банкинг кызматтары жеткиликтүү. Салыктарды өз убагында төлөбөгөндөргө айып каралган.