Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан кызды 27 куткаруучу издеп жатат

15-июлдан бери Ысык-Көл облусунда отун тергени кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан Казакстандын жаранын издөө үчүн 27 куткаручу иш алып барууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

 

«Дайынсыз болуп жаткан 1992-жылы туулган К.В. аттуу кыз акыркы жолу Каракол дарыясынын жээгинде болгон. Учурда дайынсыз болуп жаткан жаранды издөө-иштерине 27 куткаруучу тартылды. Бүгүн, 18-июль күнү издөө иштери улантылууда», — деп билдиришти ӨКМдан.

 

Дайынсыз болуп жаткан кыз Каракол-Алакөл жайлоосунда үй-бүлөсү менен эс алып жүрүп, отун тергени кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.
https://www.super.kg/kabar/news/369659/