Курман айт намазы өлкөдөгү мечиттердин баарында окулат

Курман айт намазы 20-июль күнү Бишкек шаарындагы жана өлкө аймагындагы бардык мечиттерде окулуп, таңкы саат 07:00дө башталат.

Айт намаздын программасы:

 

07:00-07:20 — Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин куттуктоосу жана баяндамасы.

07:20-07:30 — Куттуктоолор

07:30 — Айт намаз

Эскертүү: Айт намазга келген ар бир жаран санитардык эрежелерди так сактоосу талап кылынат.

• Бет каптын болуусу талап кылынат;

• Ар бир адам жайнамазын ала келүү сунушталат;

• Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метр аралыкты так сактоо;

• Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;

• Дааратты үйдөн алуу;

• Жаш балдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын келбөөсү талап кылынат;

• Айт намазы мечиттерде окулуп бүткөн соң көп убакытка кармалбай тарап кетүү сунушталат.