Ысык-Көлдө франциялык турист көчкү алдында калып каза тапты

Ысык-Көлдө кар көчкү алдында калып каза тапкан Франция жаранынын сөөгү чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Ак-Суу районунун аймагына келген 1971-жылы туулган француз улутундагы туристтин жоголгону тууралуу маалымат ӨКМге 5-февралда түшкөн.

Туристти издөөгө Ак-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, Жыргалаң айылынын тургундары чыгышкан.

 

7-февралда саат 12:45те GPS-трекер аппаратынын жардамы менен аны көчкү басып калганын аныкташкан. Кар көчкү Бел, Кара-Суу, Туз жайлоолоруна түшкөн.

ӨКМдин куткаруучулары туристтин сөөгүн бүгүн, 8-февралда көчкүнүн алдынан казып алып чыгышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.