Ош жана Жалал-Абад облустарында жер титирөө катталды, — деп билдирет
КР ӨКМдин маалымат кызматы. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык,
жер титирөө 17-февралында саат 07:32де Ош облусунун аймагында катталып,
очогунда күчү 3 баллга жеткен. Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында
2,5 баллга чейин сезилген. Ошондой эле 17-февралда саат 16:11де Жалал-Абад
облусунун аймагында дагы бир жер титирөө катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Кара-Көл шаарынын Кетмен-Төбө айылында жана Токтогул районунун
Бөр-Дөбө айылында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөлөрдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.