Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 26-январь күнү саат 23:43тө Каракол-Бөкөнбаев-Балыкчы унаа жолунун 11-чакырымында BMW 525 жана Subaru Legasy унаалары катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кырсыктын кесепетинен 20 жаштагы бала каза болуп, 8 адам жабыркаган. Учурда алардын аты-жөнү такталууда.
Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган жарандарды «Тез жардам» кызматы аркылуу Каракол шаарындагы ооруканага жеткиришкен.
Жерине ӨКМнын №15 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.