Ысык-Көлдө үйлөргө кирген сел суулары тазаланып, каттамы ачылды.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-августта эртең мененки саат 8:30дар чамасында Жети-Өгүз районунда сел жүрүп, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 154-чакырымын кум-шагылга толтурган.
Ошондой эле сел суулары Кичи-Жаргылчак айылында эки үйдүн короо-сарайын каптап, бир үйдүн жер төлөсүнө жана сарайына кирген.
Жеринде тазалоо иштери жүргүзүлүп, унаа жолу эки тараптуу ачылды.