Балдарды эл көп чогулган жерлерге алып барбаш керек

Балдарды эл көп чогулган жерлерге алып барбаш керек. Мындай сунушту Коронавируска каршы иш алып баруу боюнча түзүлгөн республикалык штаб берди. Андан белгилешкендей, каникул учурунда жана эс алуу күндөрү балдарды соода жайлардагы көңүл ачуу аянттарга, оюн залдарына, кафелерге алып баруудан баш тартуу сунушталат.

 

Ал эми мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге чет өлкөлөргө командировкаларды токтотуп туруу тапшырмасы берилди.