Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев калкка 350 миң кой-эчки таратууну тапшырды

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев калкка 350 миң кой-эчки таратууну тапшырды. Жергиликтүү басылмалар жазгандай, мал 10 күндүн ичинде кооперативдик негизде элге таратылат.

 

Бул максатта бюджеттен 100 миллион доллар бөлүнөт. Облус жана райондордун жетекчилери 67 ири кой жана эчки фермаларын уюштурушу керек. Буга чейин Мирзиёев калкка тоок, өрдөк-каз таратып, үй канаттуулардын чарбасын өнүктүрүү боюнча да тапшырмаларды койгон.