Кыргызстанда аскерге жазгы чакыруу башталат

Кыргызстанда аскерге жазгы чакыруу башталат.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык,

жашы толгон эр азаматтар мөөнөттүү жана альтернативалык

кызмат өтөөгө барууга тийиш. 18 жаштан 25 жашка чейинки

аскерге чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу же аскердик

кызматтан бошотуу укугу жок бардык жарандар марттан

майга чейин жашаган жери боюнча аскер

комиссариаттарына кайрылышы керек.