Өзбекстанда «Nike» жана «Adidas» бренддеринин бут кийимдерин чыгаруу пландалууда.
«Review.uz» басылмасы билдиргендей, аталган компаниялар менен макулдашуу жетишилди.
Спорттук бут кийимдерди өндүрүү Анжиян облусунда ишке ашырылат.
Биргелешкен заводдо дүйнөгө белгилүү бренддин 3 миллион бут кийими чыгарылат.
Товарды өндүрүүгө өлкөдө булгары жетиштүү жана ал кадимки баасынан арзаныраак болот.