«Бишкек жарыктандыруу» ишканасына жаңы жетекчи дайындалды.
Мэриядан билдиришкендей, кызматка Айбек Чодонов бекитилди.
Тиешелүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койду. Эске салсак,
ишкананын мурдагы жетекчиси Алимбек Абдылдаев Бишкек шаардык
турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэри болуп дайындалган.