Кыргызстанда 62 эмдөө түйүнү иштеп жатат

Кыргызстанда 62 эмдөө түйүнү иштеп жатат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, убактылуу эмдөө пункттар 2 шаар, 7 облуста ачылган.

 

Эмдөөнүн биринчи этабында илдетти жуктуруп алуу коркунучу жогору болгон медицина кызматкерлери, укук коргоочулар, мугалимдер  жана башка кызмат адамдары вакцина алышат.

 

Экинчи этапта  65 жаштан жогорку курактагы жана оорусу курчуп кете турган жарандар, ал эми үчүнчү баскычта коомдун аярлуу катмарына киргендер жана каалоочулар эмделет.

 

Эске салсак, Кыргызстанда массалык вакцинация 29-мартта старт алып, бүгүнкү күндө 12 миңден ашык адам эмделди.