Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тик учак башкара билген жарандарды издейт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тик учак башкара билген жарандарды издейт.

Мекеменин орун басары Урматбек Шамырканов билдиргендей, анын айлыгы кеминде үч миң доллар болот.

Маалыматка ылайык, адис Кыргызстандын же башка өлкөнүн жараны болсо деле министрликке ишке орношо алат.

Эске салсак, 13-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаңы атайын техникаларга ээ болгон.