Эң популярдуу соцтармактар аталды.
Быйылкы жылга карата отчетту Hootsuite басылмасы түздү.
Популярдуу платформа арасында биринчи орунда Facebook 2 миллиард 400 миллион адам менен турат.
Экинчиде YouTube колдонуучуларынын саны 2 миллиарддан көбүрөөк, андан кийин
1 миллиард 600 миллион менен WhatsApp жайгашат. Бирок катталуучулардын саны тез арада
жогорулашы боюнча Instagram жогору турат. Учурда анын колдонуучуларынын саны 1 миллиарддан ашат.
Изилдөөлөргө ылайык, адамдар күнүнө 6 саат 43 мүнөт убактыларын соцтармактарда өткөрүшөт.