Ички иштер министрлиги участкалык, туристтик жана экология милицясынын функцияларын кеңейтүүдө

Ички иштер министрлиги участкалык, туристтик жана экология милицясынын функцияларын кеңейтүүдө. Бул тууралуу ведомство жетекчиси Улан Ниязбеков жарыялады.

 

Анын айтымында, кызматтын башкаруусуна 3 негизги функция киргизилет – адам өмүрүн ар кандай коркунучтардан коргоо, күнү-түнү тынчтыкты жана элдин коопсуздугун камсыздоо, коомчулуктун туруктуу жашоосу үчүн мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү.

 

Министр эске салгандай, Ички иштер министрлигинин карамагына ошондой эле жүргүнчү ташуу, айдоочуларды даярдоо жана окутууга лицензияларды берүү тармактарын көзөмөлдөө дагы кошулду.