Эс алуу күндөрү кош бойлуулар жана балдарды күнү-түнү кабыл алуучу бөлүмдөр иштейт

Эс алуу күндөрү кош бойлуулар жана балдарды күнү-түнү кабыл алуучу бөлүмдөр иштейт.

Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, аталган бөлүмдөр эс алуусуз иштеп, акысыз медициналык кызмат көрсөтүшөт

Алар балдар үчүн республикалык жугуштуу оорулар клиникасында жана 3-балдар бейтапканасында жайгашкан.

Ал эми кош бойлуулар үчүн эне жана баланы коргоо борборунда, №1, 2, жана 4-төрөт үйлөрүндө дарыгерлер

24 саат бою нөөмөттө болушат. Ошондой эле бул кызмат республиканын аймактарында дагы жеткиликтүү.