Быйыл туристтик сезондун көрсөткүчү 80 пайызга төмөндөшү ыктымал.
Мындай алдын-ала маалыматты Маданият жана туризм министри
Азамат Жаманкулов билдирет. Анын айтымында, коронавирустун
кеңири тарашынан улам, бул кырдаал бардык өлкөлөрдө байкалууда.
Ведомсто жетекчиси белгилегендей, Кыргызстандагы туристтик
оъектилер жабылган жок. Буга Ысык-Көлдөгү эс алуу жайлары да
тиешелүү. Эми чет элдик турфирмалар менен байланышты тез
арада калыбына келтирүү, туристтердин биздин өлкөгө
саякатка келүүсүнүн суроо талабынан көз каранды.