Аксы районунда ууланып каза тапкандардын саны алтыга жетти

Аксы районунда ууланып каза тапкандардын саны алтыга жетти. Алардын бардыгы спиртке ууланганы аныкталды. Бул тууралуу маалыматты “Азаттыкка” Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.

 

Эске салсак, 2-мартта  Кара-Сууда жыйырмага чукул адам айылдык ашканада тамактанып, спирт ичимдигин ичишкен.  Азыркы тапта райондук санэпидем кызматы, аймактык оорукананын дарыгерлери иликтөө жүргүзүп жатат.

 

Райондук ички иштер бөлүмү уулануу фактысын Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады.