Бишкектин 35 жаңы конушу жарыктандырылат.
Мэриядан билдиришкендей, жыл аягына чейин көчөлөргө 4,5 миң чырак орнотулат.
Учурда иштер Алтын-Ордо, Көк-Жар, Кара-Жыгач, Рухий-Мурас конуштарында жүрүп жатат.
Андан кийин жумуштар Биринчи май, Свердлов райондорунда уланат.
Белгилеп кетсек, Бишкекте 48 жаңы конуш бар, аларда 300 миңден ашык адам жашайт.