Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда Аи-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литринин баасы кайрадан 75 сомго чыкты

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда Аи-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литринин баасы кайрадан 75 сомго чыкты.

 

Ноябрь айынын башында жергиликтүү бийлик ишкерлер менен сүйлөшүү жүргүзүп, күйүүчү майдын наркын 70 сомго түшүргөн.

 

Бирок бензин бир жумадан кийин эле кайрымбаттап кеткен. Буга чейин Кыргызстандын мунай ташуучулар ассоциациясынан билдиришкендей, жакын арада Аи-92 үлгүсүндөгү бензин 7 сомго, дизелдик май 12 сомго чейин кымбатташы мүмкүн. Буга дүйнөдө мунайдын баасынын өсүшү жана эл аралык рыноктогу тартыштык себеп.