Жалал-Абадда селдин кесепеттери жоюлууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн түндө Базар-Коргон районунда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Базар-Коргон – Арстанбап унаа жолуна колоттордон сел суулары түшүп, жол каттамын кыйындаткан.
Учурда жерине атайын техника тартылып, жолду кеңейтүү жана тазалоо иштери жүрүүдө.