Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда алгачкы ирет заманбап ат майданы пайда болот.
“Турмуш” басылмасы билдиргендей, жеринде аянтты, сазнаны жана көрүүчүлөр отура
турагн жерди даярдоо иштери жүрүп жатат. Бул максатта жергиликтүү бюджеттен
9 миллион сом бөлүнүп берилди. Курулуш иштери быйыл жыйынтыкталат.