Сары-Челек көлүнө бара турган жолго убактылуу көпүрө коюлду.
Аксы райондук администрациядан билдиришкендей, каттам жанданып, унаалар каттай баштады.
Көпүрө Бишкек-Ош жол тейлөө ишканасынан убактылуу алынды. Ал жаңы объекти салынганга
чейин пайдаланылат. Эске салсак, буга чейин 11-майда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп
Жылгын жана Аркыт айылдарын бириктирген көпүрө жараксыз абалга келди.
Эски көпүрө мындан 30 жыл мурда курулган.