Балыкчыда жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору ачылды

Балыкчыда жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору ачылды. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, анда күнүнө 350-450 жаранды тейлөөгө мүмкүнчүлүк бар.

 

Жаңы форматтагы калкты тейлөө борборунда керектүү мамлекеттик документтерди алуу үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Буга чейин жарандык абалдын актыларын каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмдөрү эки башка имаратта жайгашып, касса жана нотариус өзүнчө башка имаратта болгондуктан, элге ыңгайсыздык жаралып келген.