Талас шаарынын мэри болуп Аскар Шабданов дайындалды

Талас шаарынын мэри болуп Аскар Шабданов дайындалды.

 

Калаа жетекчисин шайлоо бүгүн өттү. Бул кызматка ошондой эле Адылбек Жусупбеков дагы талапкерлигин койгон. 31 депутаттын 23ү өз добушун Шабдановго беришти.

 

Белгилеп кетсек, буга чейин Аскар Шабданов уюлдук компаниялардын биринин Таластагы өкүлчүлүгүн жетектеп келген.