Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт.

 

“Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Ибраимов, Шопоков, Үмөталиев, Горький, Кулатов көчөлөрүндө, Чүй проспектинде, Тунгуч кичи районунда жана Төмөнкү Ала-Арча, Октябрь, Аламүдүн, Байтик айылдарында жок болот.

 

Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.