Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кар массалары Бишкек – Ош, Суусамыр – Талас – Тараз, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу,  Ала-Бука – Жаны-Базар – Кировка, Красная Горка – Ак-Таш жана Казарман – Актал-Чат унаа жолдорунда түшүшү мүмкүн.

 

Аталган трассаларга сапарга чыккан айдоочуларга этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.