Жалал-Абад шаарында жаңы жеке менчик бала бакча ачылды

Бүгүн, 13-майда Жалал-Абад шаарында жаңы жеке менчик бала бакча ачылды.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, ачылуу аземге Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, ата-энелер катышты.

 

«Ийгиликтүү бала” атындагы бала бакча 70 орунга ылайыкташып, жеткинчектерге төрт тилде билим берет.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 26 муниципалдык, 15 жеке менчик бала бакча бар.