УКМКнын Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун жаңы имараты ачылды

13-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун Бишкектеги жаңы имараты президент Садыр Жапаровдун катышуусунда ачылды.

 

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, борбор эл аралык стандарттарга жооп берген акыркы технологиялык жабдуулар, аппараттык жана программалык камсыздоо системалары менен жабдылган. Киберкоопсуздукту камсыздоо, компьютердик чабуулдарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт.

Жапаров дүйнө жүзү боюнча маалыматтык технологиялардын жана санариптик экономиканын ыкчам өнүгүүсү айрым тобокелдиктер жана коркунучтар менен коштолуп жатканын айтты.

“Өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун жалпы тутумундагы бул жаңы багыт азыркы учурда калыптануу стадиясында десем болот. Ошентсе да акыркы учурлардагы мамлекеттик жана башка маалымат тутумдарына жасалган хакердик чабуулдарды эске алганыбызда, бул тармакты тез арада сапаттуу деңгээлге көтөрүп, өнүктүрүүнү мезгил өзү талап кылууда”, — деди ал ачылышта сөз сүйлөгөн учурда.

Кыргызстанда өкмөт, мамлекеттик органдардын сайттары бузулган учурлар буга чейин катталган.