Жалал-Абад шаарында жер титиреди.
Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришкендей,
жердин силкинүүсү бүгүн түштө катталды жана очогунда күчү 5 баллга жетти.
Михайловка, Сары-Булак, Кара-Чолок айылдарында жана Көк-Жаңгак
шаарында 4,5 баллге чейин сезилсе, Жалал-Абад шаарында 3,5 баллга жетти.