Токмокто күйүүчү май саткан контейнерден өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тилсиз жоо тууралуу билдирүү кечээ кечки саат 8 жарымда келип түшкөн. Жалын 2 сааттан кийин толугу менен өчүрүлдү.
Иштерге өрт өчүрүүчүлөрдүн 2 бригадасы тартылган. Бактыга жараша эч ким жаракат алган эмес. Белгилеп кетсек, буга чейин токмоктуктар күйүүчү май ар кайсы жерлерде сатылып кооптуу болуп жатканына арызданышкан.