Бишкекте жол кырсыгынан 10 адам жабыркады

Бишкекте жол кырсыгынан 10 адам жабыркады. Мэриядан билдиришкендей, өтүп кеткен ишембиде Гагарин-Термечиков кесилишинде автобус, троллейбус жана эки жеңил унаа кагылышты.

 

Соккудан 10 жүргүнчү жана 2 айдоочу жабыркады. Алар травмотолгия борборуна жеткирилди. Белгилеп кетсек, автобус жана троллейбуста жабыркагандардын бардыгына компенсация төлөнүп берилет.