Жалал-Абадда жер көчтү

Жалал-Абад шаарына караштуу Шор-Булак тилкесинде көлөмү болжол менен 75 куб метр жер көчкү түштү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жер көчкү бастырманы толугу менен жана жайкы ашкананын жарымын басып калган.

Жерине ӨКМдин облустук башкармалыгынын куткаруучуларынан турган ыкчам топ тартылган.

Алар ошол тилкеде жашаган жаранды үй-бүлөсү менен коопсуз жайга көчүрүштү.

Ал эми тазалоо иштери Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан жүргүзүлүүдө.