Сүлүктүдөгү шахтада төрт адам газга ууланып каза болду

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы «Кенчилер-Береке» шахтасында төрт адам газга ууланып каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, окуя 23-июнь күнү болгон.

 

«Кенчилер-Береке» шахтасында газ чыгып, кырсыктын кесепетинен үч эркек киши жана бир аял газга ууланып каза болгон. Алардын сөөгүн шахтадан ӨКМ кызматкерлери алып чыгып, Сүлүктү шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткиришкен», — деп айтылат маалыматта.

Көз жумгандардын бири 19 жашта болсо, калгандары 37, 73, 34 курактагы жарандар экени маалым болду.