Жалал-Абадда социалдык шаарчанын курулушу башталды

Жалал-Абадда социалдык шаарчанын курулушу башталды.

Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, шаарча 100 батирлүү 25 үйдөн турат.

Андан тышкары, атайын аймакта 100 орундуу тигүү цехи, фельдшердик акушердик түйүн,

мечит, дүкөн жана футбол аянтчасы пайда болот. Бул үчүн Ноокен районунун Сакалды

айылынан 3 гектар жер бөлүнүп берилген. Турак жайлар көп балалуу, муктаж үй-бүлөлөргө жана

жалгыз бой энелерге берилет. Долбоорду чет элдик донорлор каржылайт.

Курулуш иштерин быйыл октябрда аяктоо пландалууда.