Бишкектин айрым аймактарында таза суу өчүрүлөт.
Мэриядан билдиришкендей, эртең таңкы саат 9дан түнкү 10го чейин
Садыгалиев, чоң Чүй каналы, Ала-Арча дарыясы жана темир жол менен чектеш аймактарда,
ошондой эле Достук кичи районунда, Кызыл-Аскерде, 110-кварталда суу жок болот.
Өчүрүүлөр «Батыш» суу кампасындагы оңдоо иштерине байланыштуу. Андан улам,
аталган аймактын жашоочуларына сууну запастап камдап алуу сунушталат