Бишкекте дем алыш күндөрү кайрадан азык-түлүк жарманкеси өтөт.
Тагыраагы, 27-28-февралда ордо калаанын 3 районунда азык-түлүктөр арзандатылган баада сатылат.
Даректери Аалы Токомбаев — Нуркамал Жетикашкаев, Искак Раззаков – Киев, Токтогул жана
Төрөкул Айтматов – Токтогул көчөлөр кесилишинде уюштурулат. Андан калаа тургундары
эт, сүт азыктарын жана жашылчаларды дүң баада ала алышат.