Жалпы республикалык тестирлөөгө катталуунун шарттары өзгөрүүсүз калды

Жалпы республикалык тестирлөөгө катталуунун шарттары өзгөрүүсүз калды. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдиргендей, абитуриенттер жанында паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен келиши керек.

 

Эки учурда тең документтердин көчүрмөсү эмес, түп нускасы талап кылынат.

 

Андан тышкары, бүтүрүүчүлөр окуган мектебинен маалымкат алып келип, электрондук форматтагы сүрөт тапшырат. Эске салсак, жалпы республикалык тестирлөөгө абитуриенттер 6-апрелге чейин катталса болот.