Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү 693 мектепти кайрадан жогорку ылдамдыктагы сапаттуу интернетке туташтырып жатат

Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү 693 мектепти кайрадан жогорку ылдамдыктагы сапаттуу интернетке туташтырып жатат.

 

Ведомство маалыматына ылайык, мектептер буга чейин демөөрчүлөрдүн, жергиликтүү бийликтин жардамы менен ар башка провайдерлер жана түрдүү жолдор менен интернетке туташтырылгандыктан, айрымдарында ылдамдык начар болуп, кээ бирлеринде абоненттик төлөм көйгөйү пайда болгон.

 

Министрлик тендер өткөрүп, учурда бул мектептердин 509у кайрадан жогорку ылдамдыктагы сапаттуу интернетке кошулду. Калгандары боюнча иштер уланууда.