Кыргызстан мектептеринде этап менен кадимки окуу режимине кайтуу маселеси каралууда

Кыргызстан мектептеринде этап менен кадимки окуу режимине кайтуу маселеси каралууда. Бул тууралуу кененирээк Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова айтып берет.

 

Кыргызстанда, дүйнө жүзүндө туруктуу кырдаал болуп турса, бизге тиешелүү органдар акырындык менен уруксат бере баштайт. Акыркы медициналык изилдөөлөрдүн негизинде балдар оорубайт экен, ооруса дагы симптомдору байкалбастан эле өтүп кетет экен. Бирок педагогдорубуз чоң адамдар. Ошол педагогдорубуздун жашоосуна, ден-соолугуна кооптуу кырдаал жаратпаш үчүн биз этап этабы менен реалдуу режимге өтүшүбүз керек

 

Белгилеп кетсек, министрлик эпидемиологиялык абал турукташканда, 2-5-9-жана 11-класстарды кадимки режимде окутуу пландап жатат.