Министрлер кабинети өз билемдикке салып үй курулган 30 миң гектар жерди мыйзамдаштыруу ниетинде. Айыл-чарба министринин орун басары Нурлан Шериповдун айтымында, амнистия үйлөр, пайдубалдар тургузулган тилкелерге жана дача чарбачылыгына арналган жерлерге берилет.
Ордо калаанын жаңы конуштарында 6 миңден ашык үй курулса, анын 3,5 миңин мыйзамдаштырууга мүмкүн болот.
Калган объектилер санитардык нормаларга туура келбегендиктен, учурда каралып жатат.